Түндүк-Түштүк альтернативдүү унаа жолу ноябрга чейин ачылды, бирок айрым чектөөлөр барБелгилүү россиялык актёр Дмитрий Лысенков: «Кыргызстандын жаратылышы — бул керемет!»Аскерге чакырылгандарды медициналык кароодон өткөрүү санариптештирилди1-июнда Бишкектин Ала-Тоо аянтында жолдор убактылуу жабылатБишкекте «Ашар бирикмеси» фондунун директору алдамчылыкка шектелип кармалдыУКМКнын кызматкерлери Беловодск балдар мекемесинин тарбиялануучуларын куттукташты
“Кыргыз темир жолундагы” коррупция. Түштүк бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси кармалды
15.12.2020 | 15:45
УКМКнын кабарлашынча “Кыргыз темир жолу” ишканасы сатып алууларды жүргүзүүдө коррупциялык схема колдонуп келгени аныкталган.
Маалыматка ылайык, аталган ишкананын Түштүк филиалынын мурунку жетекчилиги көзөмөлдөнгөн чарбакер субъекттердин катышуусу менен жогорулатылган баада мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүдө акча каражаттарын алуу боюнча туруктуу схеманы түзүп алышкан.
Буга байланыштуу 14-декабрда «Кыргыз темир жолу» Улуттук компания» Мамлекеттик ишканасынын Түштүк бөлүмүнүн мурдагы башчысы «Ю.Б.К.» кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Ал аталган ишкананы жетектеп турганда жүргүзүлгөн сатып алуулардан мамлекеттик казынага 11 миллион сомдон ашуун зыян келгени аныкталган.
Учурда тергөө иштери уланууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар