Кыргызстандык ырчылар Калысбек Айтбаев менен Каныбек Закиров Казакстандагы суу каптоого байланыштуу кошуна өлкөнүн калкына арнап ыр чыгарышты.
Аткаруучулардын айтымында, «Казак элине” ыры колдоо көрсөтүү иретинде жазылган.
«Боордошторубуз 80 жылдык тарыхта болбогон оор сыноону башынан өткөрүп жатат. 10 облусу суунун астында калды. Сабыр тилейбиз», — дейт алар.
Ыр Казакстандын бир нече телеканалдарында көрсөтүлдү.
«Кыргыз боордоштор гуманитардык жардам гана көрсөтпөстөн моралдык жактан дагы колдоп жатышат», — деп билдирди казак телеканалынын алып баруучусу.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз