2-апрель: Өлкөдө күн ачык болотГуманитардык сабактардын мугалимдери айлыгы төмөн экенине нааразыНоокенде бала бакчада 80 литрлик бойлер жарылып, имарат катуу жабыркадыБалыкчы — Кочкор темир жол тилкеси 2026-жылдын августунда ишке киргизилет – «Кыргыз темир жолу» УК»Ысык-Ата районундагы «Туз» суу сактагычынын сыйымдуулугу эки эсеге көбөйөтЧет өлкөлүк жарандар балдарын мектепке 1-класска кантип каттай алышат
Кыргызча GTA. Кеминде кайгуул кызматкерлери мас айдоочунун артынан кубалашты
28.10.2025 | 10:42

Өткөн түнү Кемин районунда ЖКККББнын кызматкерлери рейд учурунда мас абалында унаа башкарып бара жаткан айдоочуну токтотушкан. Унааны айып токтотуучу жайына алып бара жатканда, айдоочу кайра рулга отуруп, качып кеткен. Анын артынан дароо эле кубалап жөнөшкөн. Милициянын унаасындагы камера тарткан кадрларда укук коргоо кызматкерлдери мас айдоочунун унаасын бардык тараптан бөгөп токтотууга аракет кылышканы, бирок ийгиликсиз аяктаганын көрүүгө болот.
Жол тыгыны болгон жерге жеткенде, бус трассадан чыгып, жол тандабаска урунган, андан кийин айдоочу кармалган. Мындан тышкары, ал ЖКККББнын кызматкерлеринин бирин сүзүп өткөн.
36 жаштагы З.А. мындан аркы териштирүү үчүн Кемин райондук милиция бөлүмүнө жеткирилген.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар