Мелис Тургунбаев «Кыргызнефтегаз» ишканасына директор болду

Мелис Тургунбаев «Кыргызнефтегаз» ишканасына директор болду

«Кыргызнефтегаз» мамлекеттик ишканасынын директору болуп 38 жаштагы Мелис Тургунбаев дайындалды. Мындай чечимди ишкананын директорлор кеңеши кабыл алган.

Маалыматка караганда, Тургунбаев эмгек жамаатка тааныштырылып, кызматтык милдетин аткарууга киришкен.

Мелис Тургунбаев 2017-жылдан бери «Кыргызнефтегаз» ишканасынын директорлор кеңешин башкарып келген.

Эмгек жолун 2002-жылы Каржы министрлигинде жетектөөчү адис катары башатаган.

2013-жылдан 2017-жылга чейин «Кыргызнефтегаз» ишканасынын директорлор кеңешинде мүчө болгон.

2006-жылдан 2020-жылга чейин орусиялык “Гаспром” компаниясынында иштеген.

Борбор Азиядагы Америка университетинин бүтүрүүчүсү. 2019-жылы докторлук диссертациясын коргоп, экономика илимдеринин доктору болгон.

Мелис Тургунбаев

«Кыргызнефтегаз» ишканасынын директорлор кеңешин төрагалыгына  Нурадин Касымов келген.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>