“Кыргызреставрация”институту Turktav фонду менен кызматташат

“Кыргызреставрация”институту Turktav фонду менен кызматташат

“Кыргызреставрация” институту Turktav фонду менен кызматташат. Бул тууралуу Маданият министрлиги билдирди.

Эки тарап Түркияда белгилүү архитектуралык эстеликтер жөнүндө китептер жарык көрүп жаткан китептерди кызматташууну макулдашты.

Андан тышкары, Кыргызстандын архитектуралык мурасын изилдөө, реставрациялоо жана популяризациялоо боюнча алдыда аткара турган иш пландар, Ош шаарынын тарыхый архитектуралык планы, шаарды реконструкциялоо концепциясын иштеп чыгуу, ошондой эле “Сулайман-Тоо” улуттук тарыхый-археологиялык музейинин реконструкциясы, түрк тилдүү өлкөлөр ортосунда китеп басып чыгаруу жана адабият менен искусствону өнүктүрүүдө биргеликте иш алып баруу тууралуу сүйлөштү.

Фонд Дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген Бурана мунарасынын үнсүз күбөсү болгон Караханийлер мамлекетинин борборуна арналган «Баласагын-даңазалуу өтмүш» китебин басып чыгаруу маселесин карай турганын билдирди.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>