УКМК: Көлбаевдин өлүмү үчүн өч алууну көздөгөн 3 киллер кармалды (видео)

УКМК: Көлбаевдин өлүмү үчүн өч алууну көздөгөн 3 киллер кармалды (видео)

Маркум кримтөбөл Камчы Кɵлбаевдин өлүмү үчүн ɵчүн алуу максатында Ɵзбекстандан Кыргызстанга келген үч адам кармалды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

УКМК билдиргендей, шектүү катары кармалгандар 26 жаштагы Ойбек Каримбердиев, 27 жаштагы Азамат Рустамов жана Исламхон Абдулкаффаров аттуу Өзбекстандын жарандары болушат.

Алар Ɵзбекстанда бир нече адамды ɵлтүргɵндүгү аныкталып, коңшу мамлекетте издɵɵдɵ жүрүшкɵн. Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз өтүп келишкен.

“Алдын ала суракта берилген кɵрсɵтмɵлɵргɵ ылайык жогорудагы Ɵзбекстандын жарандары мыйзамдагы ууру Камчы Кɵлбаевдин ɵчүн алуу үчүн керектүү адамды жок кылуу буйрутмасы криминалдар тарабынан берилгенин билдиришкен”, — деп айтылат УКМКнын маалыматында.

Шектүүлөр Бишкектен кармалып, 13-октябрда Өзбекстанга өткөрүлүп берилген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: УКМК

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>