Кыргызстан 2023-жылы Түндүк Кореядан эмнелерди сатып алган?

28.01.2024 | 12:41

Кыргызстан 2023-жылы Корея Элдик Демократиялык Республикасы (Түндүк Корея) менен 61,2 миң долларга соода кылган. Бул тууралуу “Акчабар” каржы порталы жазды.

Статистика комитетинин маалыматы боюнча, эки өлкө 2022-жылы 20,7 миң долларга соода-сатык кылган. Ал жылы Кыргызстан Түндүк Кореяга 15 миң долларга экспорт жасаган жана 5,7 миң долларга товар импорттогон. 2023-жылы болсо, эки мамлекеттин соода жүгүртүүсү дээрлик үч эсеге өсүп, 61,2 миң долларга жеткен. Бирок былтыр Кыргызстан Түндүк Кореяга эч нерсе саткан эмес, тескерисинче сатып алган.

Кыргызстан 2023-жылы Түндүк Кореядан жеңил автоунаа жана башка моторлуу унааларды сатып алган (50 миң жана 3,8 миң доллар). Ошондой эле Түндүк Кореядан 6,6 миң долларга вулканизацияланган резина импорттолгон.

Scroll to Top