Коңшусун «аңдып жүрүп», үйүнө уурулукка кирген. Шектүүлөр кармалды

Коңшусун «аңдып жүрүп», үйүнө уурулукка кирген. Шектүүлөр кармалды

Бишкекте коңшусунун үйүнө кирип, баалуу буюмдарын уурдаган деп үч шектүү кармалды. Бул тууралуу Биринчи май райондук милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 12-январда милицияга шаар тургуну кайрылган. Ал билдиргендей, белгисиз адамдар Орозбеков көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдөгү батирине кирип, 12 миң 850 долларлык зер буюмдарын, жалпы баасы 287 миң сом болгон планшет-телефондорун уурдап кеткенин билдирген.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесине (уурулук) ылайык кылмыш иши козголгон.

Милиция бул ишке шектүү катары 28 жаштагы Р.М., 22 жаштагы С.Н. жана З.Т. аттуу жарандарды кармаган.

Тергөө аныктагандай, шектүүлөр уурулук жасалган батирдин ылдыйкы кабатында жашап, бир канча убакыт өзүнүн коңшусу кандай жашай турганы тууралуу маалымат чогултуп жүрүшкөн. Бир күнү батирдин ээси үйүнөн чыгып кеткенде, коңшу балкон аркылуу анын үйүнө кирип, баалуу буюмдарын уурдап кетишкен.

Милиция билдиргендей, шектүүлөрдөн уурдалган буюмдардын бир бөлүгү табылын алынган.

Учурда алардын ушул сыяктуу башка кылмыштарга катыштыгы бар же жоктугу текшерилүүдө.

Милиция шектүүлөрдүн кылмыштуу аракеттеринен жабыркагандар болсо, 0707 71 71 14 же 102 номерине кабар берүүсүн суранат.

Уурдалган буюмдардын бир бөлүгү

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>