Кыргызстан 2026-жылдын аягына чейин этти, шекерди жана мөмө-жемиштерди импорттоодо алым төлөөдөн бошотулду

03.02.2026 | 10:30

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Кеңеши Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай комплексин колдоого жана азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого багытталган тарифтик жеңилдиктердин топтомун бекитти. Кабыл алынган чечимдерге ылайык, республика ички керектөөгө жана өнөр жайлык кайра иштетүүгө багытталган социалдык маанилүү товарлардын бир катарына алып келүү бажы алымдарын төлөөдөн бошотулат.

Жеңилдетилген категориялардын тизмесине көлөмү 5 миң тоннага чейин ири мүйүздүү малдын эти (жаңы, муздатылган жана тоңдурулган) киргизилди. Артыкчылык (преференция) 2026-жылдын 31-декабрына чейин күчүндө болот. Продукцияны максаттуу пайдалануу маанилүү шарт болуп саналат: алынып келинген этти жалаң гана этти кайра иштетүү тармагынын ишканаларына сатууга уруксат берилет. Ошол эле учурда бул чийки заттан өндүрүлгөн даяр азыктарды ЕАЭБге мүчө башка мамлекеттерге экспорттоого жол берилбейт.

Ушундай эле шарттар камыштан жасалган чийки кумшекерди (сахар-сырец) импорттоо үчүн белгиленген. Кыргызстан бул продукцияны 20 миң тоннага чейинки көлөмдө 2026-жылдын аягына чейин алымсыз ташып келүү укугуна ээ болду. Чийки зат республиканын аймагында өнөр жайлык кайра иштетүүгө гана багытталган, ал эми андан өндүрүлгөн ак шекерди да өлкөнүн чегинен тышкары чыгаруу чектелген.

Кошумча түрдө чаралар топтому мөмө-жемиштердин кеңири ассортиментин ташып келүүгө алымдарды 2026-жылдын 31-декабрына чейин нөлгө түшүрүүнү карайт. Төмөнкү квоталар белгиленди:

  • банан — 3 000 тонна;
  • мандарин — 2 500 тонна;
  • ашкана жүзүмү — 1 500 тонна;
  • апельсин — 1 000 тонна;
  • манго жана киви — 500 тоннадан.

Кондитердик тармакты колдоо үчүн ЕЭК Кеңеши 2027-жылдын 30-апрелине чейин күчүндө боло турган, көлөмү 300 тоннаны түзгөн какао-майын импорттоого жыл сайын берилүүчү жеңилдикти бекитти.

Евразия экономикалык комиссиясы кабыл алынган чаралар Кыргызстандын ички рыногун турукташтырууга, жергиликтүү кайра иштетүүчү ишканаларды колдоого жана негизги азык-түлүккө керектөө бааларынын өсүшүн кармап турууга багытталганын баса белгилейт. Жеңилдетилген товарлардын максаттуу бөлүштүрүлүшүнө республиканын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары көзөмөл жүргүзөт.

Scroll to Top