Кыргызстан 6 араб өлкөсүнүн жарандары үчүн визасыз тартип киргизди. Алар — Сауд Арабия, Бириккен Араб Эмираттары, Катар, Кувейт, Оман жана Бахрейн. Жаңы эреже 2025-жылдын 4-январынан тарта иштей баштайт.
Аталган мамлекеттердин жарандары Кыргызстанга турист катары келсе, алар өлкөдө жыл ичинде 180 күнгө чейин жүрө алат. Бирок окуганы, иштегени келсе, виза алууга милдеттүү болот.
Визасыз тартип киргизүү туристтерди тартуу максатында жасалууда.