«Кыргызстан аэропорттору» бир жылда 6 млн жүргүнчүнү тейлеген

«Кыргызстан аэропорттору» бир жылда 6 млн жүргүнчүнү тейлеген

«Кыргызстан аэропорттору» ишканасы 2024-жылдын жыйынтыгын чыгарып, 2025-жылга карата пландар тууралуу маалымат берди.

Маалыматка ылайык, ишкана бир жылы ичинде 6 млн жүргүнчүнү тейлеп, тарыхый рекорд жараткан.

«Каракол, Талас, Нарын аэропортторунун курулушу аяктады. Asman Airlines мамлекеттик авиакомпаниясы түзүлүп, 100 миң жүргүнчү ташылды. Ош-Каракол, Бишкек-Худжанд жаңы каттамдары ишке киргизилди. «Манас» аэропортунда Face ID системасы ишке кирди, 3-телетрап, өрт өчүрүү машиналары жана башка перрондук техника сатып алынды. Жалпысынан 60ка жакын техника сатып алынды»,- деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле ишкана алдыда Самарканд, Алматы, Ташкент багыттары боюнча каттамдар ишке кирерин кабарлады.

Мындан тышкары учурда «Манас» аэропортунун аэробекетин кеңейтүү иштери жана «Ош» жана «Ысык-Көл» аэропортторунун жаңы аэробекет комплекстеринин курулушу жүрүп жатат. Ал эми Жалал-Абадда эл аралык аэропорттун курулушу башталган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>