Кыргызстандын калкынын саны 7,4 млн адамга жеттиӨлкөдө күн ачык болот: 3-октябрга карата аба ырайынын божомолуКыргызстандык Медет кызы Азия оюндарында күрөштөн коло медаль алдыAsman Airlines биринчи масштабдуу Open Day иш-чарасын өткөрдү: 100 орунга 2500 арыз түштүКаржы министрлиги ата-энелерден 2,5 млрд сом чогултулганы тууралуу маалыматты четке кактыФутбол: Бишкекте Кыргызстан менен Ливандын курама командаларынын беттеши өтөт
Ала-Тоо аянтында Балдар күнүнө арналган майрамдык иш-чаралар өтөт (программасы)
29.05.2025 | 17:07
1-июнда Бишкек шаарынын Ала-Тоо аянтында Балдарды коргоо күнүн арналган майрамдык иш-чаралар өтөт. Бул тууралуу шаар мэриясы билдирди.
Оюн-зооктор эртең мененки саат 10:00дөн кечки саат 22:00гө чейин уюштурулат:
- аквагримм-зонасы;
- фотозона-жаркыраган пейзаждар жана өзгөчө куурчактар;
- пластилинден моделдөө, сүрөт тартуу ж. б. боюнча мастер-класс.;
- кызыктуу сынактар, флешмобдор;
- көбүк шоусу;
- спорт оюндары;
- иш-чаранын расмий өнөктөштөрүнөн бонустар (белектер).
Мындан тышкары, 30-майдан 8-июнга чейин Бишкек шаарында 10 өлкөнүн, ошондой эле өлкөбүздүн бардык облустарынын келген таланттуулардын катышуусунда бешинчи эл аралык “Наристе” балдар фольклордук фестивалы өтөт.
Фестивалдын алкагында аянтта чет элдик катышуучулардын аткаруулары көрсөтүлүп, саат 19:00дө майрамдык дискотека уюштурулат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом