Кыргызстан алдыдагы шайлоолорду өткөрүү үчүн Швейцариядан жардам сурайт

Кыргызстан алдыдагы шайлоолорду өткөрүү үчүн Швейцариядан жардам сурайт

Кыргызстан парламенттик жана президенттик шайлоо өткөрүү үчүн Швейцариянын жардамына үмүттөнүүдө. Бул тууралуу Кыргызстандын Швейцариядагы элчиси Данияр Мукашев менен Швейцариянын  тышкы иштер боюнча Федералдык департаментинин жетекчиси Анна Ифковиц менен болгон телефондук сүйлөшүүдө белгилүү болду. 

Ведомстводон белгилешкендей, сүйлөшүү Кыргызстан тарабынан демилгеленген. Мукашев Кыргызстандагы азыркы саясий абал тууралуу маалымат берди. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө, Швейцария Кыргызстанда өтө туруучу парламенттик жана президенттик шайлоого жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү билдриген. Андан сырткары, Кыргызстанда пандемиянын экинчи толкуну катталса, гуманитардык жактан жардам көрсөтүү маселеси дагы көтөрүлдү. 

Тараптар бардык тармактан кызматташуу боюнча сүйлөшүүлөрдү уланта беришерин убадалашты. 

Белгилей кетсек, Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңешке кайра шайлоону 20-декабрга белгилеген.

22-октябрда Жогорку Кеңеш жыйынга чогулуп, парламенттик кайра шайлоону токтото туруу жөнүндө мыйзам долбоору кабыл алышты.

Мыйзам долбоордун демилгечилери өлкөдөгү, бюджеттин тартыштыгын жана  пандемиянын экинчи толкунуна байланыштуу шайлоону жылдыруу зарылдыгы келип чыкканын жүйө келтиришкен.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>