Кыргызстан алтын экспорттун күчөттү. Ал үчүн Кытай менен Британия атаандашууда

Кыргызстан алтын экспорттун күчөттү. Ал үчүн Кытай менен Британия атаандашууда

Апрелден тарта Британия кайра кыргыз алтынын сатып ала баштады.  Бул тууралуу «Акчабар» жазды. 

Басылма Британия балуу металлдын башкы кардарына айлануу аракетин көрүп жатканын белгилейт. Анткени, акыркы 2 жылда Кытай ата мекендик өндүрүштөгү баалуу металлды импорттоочу өлкөлөрдүн ичинен лидерге айланды.

2024-жылдын 5 айында жалпысынан Кыргызстандан 295,2 млн долларлык алтын экспорттолду, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 105,9 млн долларга көп. Өткөн айга салыштырмалуу баалуу металлдын экспорту 83 млн долларга өскөн.

Кытай мурдагыдай эле бир айда 426,4 килограмм, жыл башынан бери 129,4 млн долларды түзгөн 1,8 тонна баалуу металлды сатып алды.

Ал эми Британия бир айдын ичинде 51 млн долларга 686,4 кг, эки айда аталган өлкө 101,3 млн долларга 1,4 тонна алтын алган.

Эске салсак, 2021-жылга чейин Улуу Британия кыргыз алтынынын негизги сатып алуучусу болгон. Бирок «Кумтөр» компаниясы мамлекетке алынгандан кийин кийин, баалуу металлды жеткирүү токтотулган. Анын ичинде белгилүү бир мезгилге чейин Кыргызстан ишенимдүү жеткирүүчү статусунан ажыратылган. 2022-жылы өлкө өзүнүн Good Delivery статусуна ээ болуп, алтынды чет өлкөгө ташууну кайра баштаган, бирок баалуу металл боюнча Улуу Британия менен соода алакасы үзүлгөн.

Кызыл-Омполду Ротшильддер иштетеби? Садыр Жапаров жооп берди

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>