«Тазалык» ишканасы Бишкектин көчөлөрүн жууп-тазалоодоКыргызстан Орусияга сабиз экспорттоону көбөйтүүдөАлтын сатабыз деп чакырып, тоноого аракет кылышкан. Чүйдө үч жаран кармалдыАЭС боюнча сүйлөшүүлөр «шашпай жүрүүдө». «Росатомдун» жетекчиси Кыргызстандагы пландар тууралуу эмнелерди айтты?Өспүрүмдөр көзөмөлсүз жабык кабиналарда калууда: Бишкекте «Антикино» жайларында рейд өткөрүлдүӨКМ: Ашууларга кар көчкү түшүүсү мүмкүн
Кыргызстан англис тилин билүү рейтингинде 91-орунда турат
15.09.2023 | 10:39
Дүйнөдө Кыргызстан англис тилин билүү боюнча 91-орунда, тагыраагы өтө төмөн билген өлкөлөрдүн катарына кирет. Мындай маалымат швейцариялык англис тилин окутуу боюнча эл аралык билим берүү борборунун изилдөөсүндө айтылат.
2022-жылкы изилдөөдө англис тилдүү эмес 111 өлкөдө жарандардын англис тилин билүү жөндөмдөрү каралган. Изилдөөгө ылайык, англис тилдүү эмес мамлекеттердин ичинен дүйнөдө англис тилин билүү боюнча Нидерланды биринчи орунда. Экинчи орунда Сингапур, ал эми үчүнчүдө Австрия турат. Ал эми Кыргызстан акыркы катарларда – 91-орунда экендиги аныкталган.
Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Өзбекстан 89-орунда болсо, Казакстан тизмеде 99, ал эми Тажикстан 106 орунда турат. Бул тизмеге Түркмөнстан кирген эмес.
Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом