Бүгүн, 3-июнда Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги менен Беларусиянын Улуттук маркетинг жана баа борборунун, ошондой эле «Кыргыз Агротеххолдинг» ишканасынын өкүлдөрүнүн ортосунда жолугушуу болуп өттү. Бул тууралуу аталган министрлик билдирди.
Жолугушуу Кыргызстандын айыл чарба продукциясын Беларустун рыногуна экспорттоо мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү максатында уюштурулган.
Анда тараптар продукция жеткирүү, агрономия, кайра иштетүү технологиялары жана маркетинг боюнча тажрыйба алмашуу маселелерин талкуулашкан.
«Беларус тарап Кыргызстанда өндүрүлгөн сапаттуу жана экологиялык таза продукцияга кызыгуусун билдирди. Ал эми кыргыз өндүрүүчүлөрү беларус рыногун экспорт үчүн келечектүү багыт катары кароодо. Бул өз кезегинде кирешелерди көбөйтүүгө жана эл аралык рыноктогу позицияларын бекемдөөгө өбөлгө түзөт»,- деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары кыргыз продукциясын беларус рыногунда илгерилетүү үчүн биргелешкен маркетинг стратегияларын иштеп чыгуунун зарылдыгы белгиленген.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташууну улантууга жана айыл чарба тармагындагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга даяр экендиктерин билдиришкен.