Кыргызстан боюнча пайдалуу саякаттаңыз: MBANK MTravel сервисинде 10% кешбэк ишке киргизди
Жаз – суук кыштан кийин эс алып, күч-кубат топтоо үчүн эң ылайыктуу мезгил. Азыр тоо чокуларынын, каньондордун жана тунук көлдөрдүн арасында болуу үчүн шаардан тышкары чыгуу жетиштүү.

Сизди шыктандырган маршруттарды каалайсызбы? Кызыл аскалар, кар баскан тоо боорлору жана сыйкырдуу пейзаждар сизди күтөт. Ал эми узак жолго чыкпай, кыска мөөнөткө эс алууну каалагандар үчүн Бишкектин тегерегиндеги жайлуу эко-глэмпингдер ылайыктуу – бул чөйрөнү алмаштыруунун жана жаратылыш койнунда эс алуунун эң сонун жолу.
Сүйүктүү багыттар – эми кешбэк менен
MTravel ички туризмди сүйүүчүлөр үчүн жазгы акцияны ишке киргизет. 20-февралдан 20-мартка чейин MTravel сервиси аркылуу турак жайды ээлеп жатканда, колдонуучулар мейманканалардын жана конок үйлөрүнүн акысын толук төлөгөндүгү үчүн 10% кешбэк алышат.
Бул эмне үчүн пайдалуу?
- Кешбэк чегерүү: сиз ар дем алыш сайын ар кандай жерлерде эс алсаңыз болот, бирок бир эле мейманкананы/конок үйүн кайталап ээлөөдө кешбэк берилбейт;
- Ачык-айкындуулук: сиздин бонустарыңыз алдын ала – мейманкананын карточкасында жана ээлөө маалыматында көрсөтүлөт;
- Ыңгайлуулук: издөө, тандоо жана төлөө башка сервистерге өтпөстөн, MTravel сервисинде жүргүзүлөт.
10% кешбэкти кантип алса болот?
Ээлөөнү бир нече кадам менен ишке ашырууга болот:
- MBANK тиркемесин ачып, MTravel сервисине өтүңүз.
- «Кыргызстан» бөлүмүн тандаңыз.
- Багытты аныктаңыз.
- Күндөрүн жана коноктордун санын көрсөтүп, «Турак жай издөө» баскычын басыңыз.
- Ылайыктуу вариантты тандап, ээлөөнү төлөңүз.
Төлөмдөн кийин система автоматтык түрдө кешбэк чегерет. Каражатты кайтаруу эсепке түшүп, кийинки саякатты дагы пайдалуу кылат.
Саякаттоо үчүн көбүрөөк мүмкүнчүлүктөр
MTravel — бул Кыргызстан боюнча турак жайды ээлөө эле эмес. Сервисте ошондой эле бүткүл дүйнө жүзү боюнча авиабилеттерди сатып алуу жана турларды тандоо жеткиликтүү. Саякат үчүн бардык чечимдер — бир санариптик мейкиндикте.
MBANK — биринчи санарип!
КР УБ №014 лицензиясы