Кыргызстан 2025-жылдын биринчи кварталында тоңдурулган жемиштерди экспортоо боюнча өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу дээрлик 40 эсеге көбөйттү.
Улуттукстатистикалык комитеттин маалыматына ылайык, 2024-жылдын январь-март айларында 20,5 миң долларга 4 тонна гана тоңдурулган мөмө-жемиш экспорттолгон. 2025-жылдын ушул эле мезгилинде жеткирүүнүн көлөмү 155,4 тоннага чейин көбөйгөн.
Тоңдурулган жемиштердин негизги сатып алуучулары КМШ өлкөлөрү. Азыктардын басымдуу бөлүгү Өзбекстанга — 59 тонна, Казакстанга — 57,3 тонна, Россияга — 39,1 тонна экспорттолгон.
Экспорттун олуттуу өсүшүнө логистиканын олуттуу жакшырышы жана тоңдурулган азыктарды сактоо үчүн кампалардын ачылышы болду. Ошондой эле мөмө-жемиштерди кайра иштетүү көлөмүнүн көбөйүшү таасир эткен.