Мурат Бейшенов: Эл аралык укук жоголуп, эл аралык күч гана калдыЖогорку Кеңеште тилемчилик үчүн жоопкерчиликти караган мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алындыЖККУда аскердик түзүмдөрдү жана продукцияларды ташуунун жаңы эрежелери күчүнө кирдиӨКМ: Жакынкы сааттарда Бишкекте жана Чүй өрөөнүндө катуу шамал болотЭльвира Сурабалдиева 8-мартта өтө турган аялдар жүрүшүнө уруксат берүүнү сурандыСауд Арабиясынан эки авиакаттам аркылуу 210 жаран алынып келинүүдө
Кыргызстан – ЕРӨБ жолугушуусу: Экономикалык өсүш, климат жана Камбар-Ата-1 ГЭСи талкууланды
04.06.2025 | 09:30
Бишкекте Кыргызстандын Министрлер кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) биринчи вице-президенти Юрген Ригтеринктин маанилүү жолугушуусу болду.
Жолугушууда учурдагы кырдаал жана кызматташтыктын перспективалары талкууланып, Министрлер кабинетинин башчысы өлкө экономикасынын туруктуу оң динамикасын баса белгилеп, 2025-жылдын январь-апрель айларында ИДПнын 11,7% өсүүсүн белгиледи.
Тараптар климаттын күн тартибине, Климаттык каржылоо борборун өнүктүрүүгө жана Камбар-Ата 1 ГЭСи негизги долбооруна өзгөчө көңүл бурушту.
“Юрген Ригтеринк өз кезегинде Кыргызстандын экономикасында байкалаарлык оң өзгөрүүлөрдү белгиледи”,-деп айтылат Минкабдын маалыматында.
Рубрики: Жаңылыктар