Баткенде сел жүрүп, Ош-Раззаков унаа жолу жабылдыТаласта дарыяга түшүп кеткен өспүрүмдү издөө учурунда куткаруучу каза таптыОш шаарында тез жардам борборунун жаңы имаратынын курулушу башталдыКыргызстандык адистер Кытайдын темир жол кадрларын даярдоо системасын үйрөнүүдөКундус Кырбашева: Кыргызстандагы бизнес энергиялык көз карандысыздыкка умтулуудаУлуттук госпиталдын адистери Францияда стажировкадан өтүүдө
Кой-Таш окуясы боюнча өкүм чыкты. Алмазбек Атамбаев 11,6 жылга кесилди
04.06.2025 | 09:10
Кой-Таш окуясы боюнча сот өкүмү чыгып, Алмазбек Атамбаевдин мүлкүн конфискациялоо менен 11,6 жылга кесилди, дагы бир нече адам жоопкерчиликке тартылды. Бул тууралуу Биринчи май райондук соту маалымдады.

Соттун чечимине ылайык, мурдагы мамлекет башчы мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратылат. Белгилеп кетсек, учурда Атамбаев чет өлкөдө жүрөт.
Соттук териштирүүнүн жыйынтыгында Кой-Таш окуясына байланыштуу башка бир катар саясатчыларга жана активисттерге да өкүм чыгарылды:
- Фарид Ниязов — 7 жыл 8 айга эркинен ажыратылды
- Ирина Карамушкина — 7 жыл 6 айга эркинен ажыратылды
- Равшан Жээнбеков — 7 жыл 8 айга эркинен ажыратылды
- Фархад Баабиев — 5 жыл 6 айга эркинен ажыратылды
- Канат Сагымбаев — 5 жылдык мөөнөткө пробациялык көзөмөл
- Кундуз Жолдубаева — 5 жылдык мөөнөткө пробациялык көзөмөл
- Мээрбек Мискенбаев — 5 жылдык мөөнөткө пробациялык көзөмөл
- Асел Кодуранова — 3 жылдык мөөнөткө пробациялык көзөмөл
Өкүм чыккан соң Фарид Ниязов, Равшан Жээнбеков жана Ирина Карамушкина дароо камакка алынды.
Рубрики: Жаңылыктар