Мандатын тапшыргандардын ордуна Жогорку Кеңешке жаңы депутаттар келдиЖогорку Кеңештин депутаттарынын трибунадан сүйлөөсү чектелетЭрулан Кокулов Кыргызстанда «журналисттик мафия» иштеп жатканын билдирдиУКМК Нипах вирусунун жайылышынын фонунда чет элдиктерге жасалма медициналык маалымкаттарды берүү схемасын ашкереледиСурабалдиева парламенттин трибунасын жеке кайым айтышуулар үчүн колдонбоону талап кылдыБишкек шаарынын биринчи вице-мэри алмашты
Кыргызстан Франция сотунда дагы бир ишти утуп алды
31.01.2024 | 15:15
Кыргызстан Франциянын арбитраждык сотунда 35 миллион доллардык талашты утуп алды. Бул тууралуу Юстиция министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, Казакстандын газ компаниясы доо арыз менен кайрылган. Алар «КырКазГаз» мекемесине салган каражатын кайтарууну талап кылышкан.
Арбитраждык сот аталган компания менен келишимди үзүүдө Кыргызстан тараптан укук бузууну тапкан жок.
Эми чечим боюнча казак ишканасы Министерлер кабинетинин сотко кеткен чыгымдарынын 60 пайызын төлөп бериш керек.
Буга чейин Кытайдын China Road компаниясын эл аралык арбитражда утуп алган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз