Видео: Башкы прокурор Зулушевдин кайнисинин кылмыш иши жабылды

Видео: Башкы прокурор Зулушевдин кайнисинин кылмыш иши жабылды

Башкы прокурор Курманкул Зулушевдин бажыдагы коррупцияга шектелген бир тууган кайнисине козголгон иш жабылды. Бул тууралуу Курманкул Зулушев маалымат жыйында журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, бажыдагы коррупциялык схема иши боюнча былтыр 10го жакын бажы кызматкери кармалган. Кийин аларга, анын ичинде Зулушевдин кайнисине козголгон иш жабылган.

«Былтыр жазында УКМК тарабынан Түштүк бажысы боюнча кылмыш иши козголуп, 10го жакын бажы кызматкери камакка алынган. Алардын арасында менин бир тууган кайним күнөөлүү деп шектелип, камакка алынган. Жарым жыл же 3-4 айдай камакта жатып, үй камагына чыгарылды. Мен бир да жолу УКМКга же тергөөчүлөргө кийлигишип, же аларды көзөмөл кылган жетекчиликке тапшырма берген жокмун. “Мыйзамдуу тергесин, күнөөсү болсо көрөлү” дедим. Бүгүнкү күнү тергөөсү аяктады. 2023-жылдын 4-декабрында 9 адамдын иши кыскартылыптыр. Иши кыскартылган 9 адамдын баары бажы кызматкерлери», — деди ал.

Ошол эле учурда жүктүн ээси Матназаровго карата бажы төлөмдөрүнөн качуу фактысы боюнча иш козголуп, былтыр 7-декбарда сотко жөнөтүлгөн. Зулушевдин айтымында, Матназаров аттуу адам документтерди жасалмалап, 19 унааны бажыдан алып өткөн деп шектелүүдө.

Ал билдиргендей, бул иштин алкагында мамлекетке келтирилген зыян 49 млн 100,5 миң сомду түзгөн.

Эскерте кетсек, 2023-жылы 18-мартта УКМК Кытайдан товар ташууда коррупциялык схема аныкталганын, ал боюнча Бажы кызматынын алты жооптуу адамын жана жеке компаниянын үч өкүлүн кармаганы тууралуу маалымат тараткан. Алардын ичинде жогорку кызматта иштеген адамдардын туугандары бар экени кабарланган.

Кийинчерээк УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев кармалгандардын арасында башкы прокурор Курманкул Зулушевдин кайниси (Н.Н.К.) бар экенин билдирген.

Ошондой эле, аталган иш боюнча депутат Надира Нарматованын Ош облусунда бажы кызматында иштеген уулу А.Н. кармалганы белгилүү болгон. Ал 29-апрелде камакка алынып, бирок 11-майда эч жакка кетпөө тилкаты менен камактан чыккан.

Ал эми Зулушевдин кайниси 2,5 айдай тергөө абагында камакта отуруп, 30-майда үй камагына чыгарылган.

Бажыдагы коррупция. Башкы прокурордун кайниси камактан чыкты

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>