Мамлекетке 5 млн 699 миң сом зыян келтирилген. Кочкордо айыл аймактын мурдагы башчысы кармалдыКыргызстанда унааны онлайн каттоого болот — жарлыкка кол коюлдуКытай Кыргызстандан тамак-аш азыктарын экспорттоочулар үчүн каттоонун жаңы тартибин киргизүүдөКРда айлык акыны жогорулатуу — 1-апрелден кимдердики жана 1-сентябрдан кимдердики көбөйтүлдүКР Саламаттык сактоо министрлигинде энелердин өлүмүн азайтуу жана балдардын ден соолугун чыңдоо боюнча чаралар аныкталдыБаалуу балык түрлөрүн уулоого электрондук түрдө уруксат бериле баштады
Кыргызстан ири инвесторлорду тартуу шарттарын жөнөкөйлөштүрдү
19.08.2025 | 12:04

Кыргызстанда түз чет элдик инвестицияларды тартуу үчүн жагымдуу шарттар киргизилди. Бул тууралуу Улуттук инвестиция агенттиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, «Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө» мыйзамдын негизинде инвесторлорго Министрлер Кабинети менен түздөн-түз жеке инвестициялык келишим түзүү мүмкүнчүлүгү берилет.
Бул мүмкүнчүлүк төмөнкү инвесторлорго тиешелүү:
- 10 млн доллардан кем эмес каражат салууну каалагандар;
- эл аралык ишкердик репутацияга ээ болгон жана;
- ийгиликтүү долбоорлорду ишке ашырууда уникалдуу тажрыйбасы барлар.
Келишимдин алкагында инвесторлор төмөнкү жеңилдиктерди ала алышат:
- салыктык жана бажылык преференциялар;
- негизги кызматкерлерге визалык колдоо;
- долбоорду ишке ашыруу үчүн жер тилкесин тандоо жана каттоо боюнча жардам.
Агенттиктин маалыматына ылайык, бул өзгөрүүлөр Кыргызстанды ири капитал үчүн атаандаштыкка жөндөмдүү инвестициялык багытка айлантууга шарт түзөт.
Рубрики: Жаңылыктар