Кыргызстан канат жайды: Садыр Жапаров жарандык авиацияны реформалоо жөнүндө мыйзамга кол койду

03.11.2025 | 20:01

Президент Садыр Жапаров жарандык авиация тармагын масштабдуу түрдө реформалоого багытталган мыйзамды бекитти. Документ Аба кодексине, ошондой эле Бюджеттик кодекске жана Салыксыз кирешелер тууралуу кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүүнү карайт. Реформанын максаты — учуулардын коопсуздугун күчөтүү, дрондордун колдонулушун жөнгө салуу жана тармакты туруктуу каржылоо үчүн шарт түзүү.

Жаңы өзгөртүүлөр 2026-жылдын башынан тартып күчүнө кирет жана алар Европа авиациялык органдарынын Кыргызстанды Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ЭЖАУ) «кара тизмесинен» чыгаруу чечимине түздөн-түз таасир эте алат. Бул дээрлик 20 жылдык тыюудан кийин кыргыз авиакомпанияларына Европа өлкөлөрүнө учууга жол ачышы мүмкүн дегенди билдирет.

Эл аралык стандарттарга тууралоо

Мыйзамдын кабыл алынганы тууралуу Кыргызстандын жарандык авиация агенттиги октябрда жарыялаган. Мыйзам эки айдан кийин күчүнө кирет. Ал эми сентябрда агенттиктин орун басары Канат Төлөгөнов өкмөт Аба кодексин эл аралык стандарттарга шайкеш келтирүү жана ЭЖАУнун сунуштарын аткаруу максатында өзгөртүп жатканын билдирген.

Эми авиакомпаниялар үчүн талаптар күчөтүлөт: жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн жок дегенде эки, ал эми жүк ташуу үчүн бир учакка ээ болууга милдеттүү. Техникалык тейлөө эл аралык деңгээлдеги стандарттар менен жүргүзүлөт. Ошондой эле деталдуу бизнес-план, квалификациялуу кадрлар, инфраструктура жана камсыздандыруу болушу зарыл. Болбосо — лицензия жокко чыгарылат.

Чет элдик учкучтарды жалдоо убактылуу чара катары эки жылга чейин уруксат берилет, ушул убакыт ичинде өлкө өзүнүн кадрларын даярдоого өтүшү керек.

Мындан тышкары, диспетчерлер менен учкучтардын медициналык текшерүүсү эми атайын сертификатталган борборлордо гана жүргүзүлөт. Пилоттордун чарчоо деңгээлин көзөмөлдөө жана башкаруу боюнча жаңы эрежелер киргизилди.

Финансылык жана иликтөө тармагы

Реформанын каржылык бөлүгү авиа ишканаларды, аэродромдорду, окутуу борборлорун жана персоналды сертификаттоого төлөм киргизүүнү камтыйт. Мыйзамда сертификаттоо жана көзөмөл үчүн жаңы жыйымдар, ошондой эле жарандык авиация уюмдарынын тармакты өнүктүрүүгө милдеттүү түрдө төлөй турган каражаттары каралган.

Авиа кырсыктарын иликтөөнүн тартиби өзүнчө жөнгө салынган. Мыйзамга ылайык, иликтөө комиссияларынын көз карандысыз макамы бекитилет жана аларга борт журналындагы жазууларды кошкондо, бардык керектүү маалыматтарга толук жетүү укугу берилет. Ошол эле учурда окуяга катышкандардын жеке маалыматтарын жана экипаждын сүйлөшүүлөрүн жайылтууга тыюу салынат. Ошондой эле авариялык кабарлоо, борттогу жазгычтар жана куткаруу камсыздоосу боюнча талаптар да өзгөртүлүүдө.

Акырында, улуттук коопсуздукту камсыздоо максатында дрондорду учуруу ыйгарым укуктуу органдан уруксат алуу менен гана мүмкүн болот, ал эми режимдик жана кайтарылган объектилердин жанында атайын кызматтар менен макулдашуу аркылуу гана жүргүзүлөт.

Муну менен Кыргызстан өз авиакомпанияларынын Европа Биримдигине уча алышына тыюу салууну алып салууга бир кадам жакындады.

«Биз Евробиримдиктин “кара тизмесинен” чыгуу боюнча акыркы этаптабыз», — деди Канат Төлөгөнов.

Кийинки кадамдар — Граждандык авиация агенттигинин делегациясынын Брюсселге барып, Еврокомиссия өкүлдөрү менен жолугушуусу. Алар Кыргызстан жүргүзгөн өзгөртүүлөр менен жеринде таанышат. Андан кийин, болжол менен декабрь айында, Еврокомиссиянын өкүлдөрү Бишкекке келип акыркы аудит жүргүзөт. Эгер жыйынтык оң болсо, 2026-жылдын май айында өлкөнү «кара тизмеден» чыгаруу тууралуу чечим кабыл алынат.

Бул чечим тарыхый мааниге ээ болот. Себеби “кара тизме” тарыхы дээрлик жыйырма жылга созулуп келди. Мындан тышкары, акыркы жылдары жүргүзүлгөн ири иштер Кыргызстандын жарандык авиациясында гана эмес, туризм тармагында, экономикалык байланыштарда да жаңы дем берип, өлкөдө көп тараптуу оң өзгөрүүлөргө жол ачат.

Европа менен түз аба каттамдарынын кайра жанданышы, Франкфурт, Париж жана Лондон сыяктуу маанилүү авиа борборлорго учууларга мүмкүнчүлүк алуу улуттук авиакомпаниялардын аброюн, кирешелүүлүгүн жана атаандаштык жөндөмүн жогорулатат. Европалык авиакомпаниялар Бишкекке жана Кыргызстандын башка эл аралык аэропортторуна рейстерди ачууга мүмкүндүк алышат. Натыйжада Евробиримдик өлкөлөрүнөн тоо, экологиялык жана маданий туризмге кызыккан туристтердин саны кескин көбөйөт. Анын артынан курорттордун, мейманканалардын, туроператорлордун, гиддердин жана башка тиешелүү тармактардын кирешеси жогорулайт.

Өлкөнүн инвестициялык аброю да көтөрүлөт: “кара тизмеден” чыгуу өкмөттүн татаал системалык реформаларды жүргүзө аларынын жана эл аралык стандарттарды сактоого жөндөмдүүлүгүнүн күчтүү белгиси болот. Бул өзгөрүү инвестицияны авиацияга гана эмес, башка экономикалык тармактарга да тартууга өбөлгө түзөт. Кыргызстан өзүн Европа, Кытай жана Түштүк Азияны байланыштырган ыңгайлуу хаб катары көрсөтө алат, айрыкча жүк ташуу боюнча, муну менен транзиттик потенциалын арттырат. Ал эми түз жүк жана жүргүнчү каттамдары транспорттук байланыштарды жөнөкөйлөтүп, арзандатат, бул тышкы соодага оң таасир этет жана логистикалык чыгымдарды азайтат.

Кыргызстан авиакаттамдардын коопсуз эместигине байланыштуу Европа Биримдигинин тизмесине мыйзамдардын эскилиги, аба флотунун эскилиги жана мамлекеттик көзөмөлдүн жетишсиздигинен улам киргизилген. Ал кездеги себептер СССР урагандан кийинки системалык кризис менен байланыштуу болчу. Бирдиктүү жарандык авиация башкаруу системасы кыйрады. Жаңыдан түзүлгөн мамлекеттер, анын ичинде Кыргызстан да, өз алдынча мамлекеттик авиация кызматтарын түзүүгө аргасыз болду. Бул процесс каржынын, кадрлардын, тажрыйбанын жана эл аралык стандарттарга ылайык нормативдик базанын жетишсиздиги менен коштолду. Натыйжада авиация коопсуздугу боюнча талаптарга жооп бербеген жагдай европалык адистерге айкын болуп, 2006-жылы ЭЖАУ аудиттеринен кийин Кыргызстан “кара тизмеге” киргизилди.

Европалык тарап жөнгө салуучу органды натыйжасыз деп тапты: ал улуттук авиакомпанияларды тийиштүү көзөмөлдөөгө жөндөмсүз деп табылды. Авиакомпанияларды жана учактарды лицензиялоо, сертификациялоо жана инспекциялоо системалары талапка ылайык эмес экени аныкталган. Экипаждарды жана техникалык тейлөөнү лицензиялоо тармагында да кемчиликтер болгон, бул учуулардын коопсуздугуна түздөн-түз коркунуч туудурган. Ошол эле учурда өлкөдөгү саясий жана экономикалык туруксуздук, коррупция жана каржылоо көйгөйлөрү абалды андан ары оорлоткон.

Бузулуу чекити 2023–2024-жылдары болду, өлкө ЭЖАУнун эки аудитинен тең ийгиликтүү өттү: биринчи жолу учуу коопсуздугу боюнча, андан кийин авиациялык коопсуздук жана формалдуулуктарды жөнөкөйлөтүү боюнча.

«Буга чейин бул багытта олуттуу кадамдар жасалган эмес эле, — деген Садыр Жапаров өткөн жылы “Каракол” аэропортунун ачылышында. — Азыр өлкөбүз бул маанилүү этаптан ийгиликтүү өтүү үчүн бардык аракетти көрүп жатат».

«Маселе биз “кара тизмеден” чыгабызбы же жокпу дегенде эмес. Биз сөзсүз чыгабыз бул чечилген. Маселе убакытта гана», — деди Граждандык авиация агенттигинин жетекчиси Данияр Бостонов.

Тыюу алынуусу практикалык гана эмес, имидждик жактан да чоң жетишкендик болот. Бул өлкөнүн инфраструктураны да камтыган терең реформаларды жүргүзө аларынын далили. Акыркы эки жылда авиация инфраструктурасына 8 миллиард сомдон ашык каражат жумшалды. “Asman Airlines” авиакомпаниясы эл аралык деңгээлге чыгуу үчүн жаңы учактарды сатып алууда. “Манас” аэропорту III категориядагы (ЭЖАУ боюнча эң жогорку) коопсуздук талаптарына жооп берүү үчүн реконструкцияланып жатат. Ошондой эле Ош, Нарын, Талас, Казарман, Каракол жана Ысык-Көл аэропортторунда да ири долбоорлор ишке ашууда.

«Кыргыз авиациясынын жаңы доору башталды. Биздин аэропорттор дүйнөлүк стандарттарга жооп берет. Бул элдин ишеничинин жана мамлекеттик колдоонун натыйжасы», — деп билдирген Садыр Жапаров.

Өлкө системалык кризистен чыгып, чоң жол басып өттү. «Кара тизмеден» чыгуу — бул максат эмес, жүргүзүлгөн реформалардын мыйзам ченемдүү жыйынтыгы.

Scroll to Top