Мурат Бейшенов: Эл аралык укук жоголуп, эл аралык күч гана калдыЖогорку Кеңеште тилемчилик үчүн жоопкерчиликти караган мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алындыЖККУда аскердик түзүмдөрдү жана продукцияларды ташуунун жаңы эрежелери күчүнө кирдиӨКМ: Жакынкы сааттарда Бишкекте жана Чүй өрөөнүндө катуу шамал болотЭльвира Сурабалдиева 8-мартта өтө турган аялдар жүрүшүнө уруксат берүүнү сурандыСауд Арабиясынан эки авиакаттам аркылуу 210 жаран алынып келинүүдө
Кыргызстан Кембридж университети менен кызматташмай болду
02.06.2023 | 19:09
Бүгүн, 2-июнда Билим берүү жана илим министрлиги менен Кембридж университетинин Европа жана Азия боюнча билим берүү реформасы департаментинин ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол коюлду. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
Маалыматка караганда, меморандумга кол коюуга билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев менен Кембридж университетинин Европа жана Азия боюнча билим берүү реформасы департаментинин башчысы Стив Кинг катышты.
Меморандумдун алкагында окуу китептерин улуттук окуу планына жана баалоого шайкеш келтирүү менен басып чыгаруу боюнча жумушчу топ түзүлүп, иштер жүргүзүлмөкчү.
Министр китептердин алгачкылары Ысык-Көл облусунда ачыла турган Президенттин IT-академиясында окутула баштарын белгиледи.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат