Кыргызстан күйүүчү майды жеткирүү боюнча эки өлкө менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө
Кыргызстандын өкмөтү азыркы тапта эки өлкө менен күйүүчү-майлоочу майларды жеткирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти Канатбек Эшатов билдирди.

Эске салсак, буга чейин Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы өлкөдөгү күйүүчү майдын кору октябрь айынын аягына чейин гана жетерин маалымдаган. Буга Орусиядагы ички чектөөлөр жана кыргыз импортёрлоруна бөлүнгөн күйүүчү майдын көлөмү кыскаргандыктан, жеткирүүдөгү кыйынчылыктардын жаралышы себеп болгон. Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы эгер кырдаал турукташпаса, күйүүчү майдын баасы 15% га чейин кымбатташы мүмкүн экенин да кошумчалады.
Кийинчерээк АКШнын Каржы министрлигине караштуу Чет өлкөлүк активдерди көзөмөлдөө башкармалыгы (OFAC) Орусиянын эң ири эки мунай ишканасына: «Роснефть» жана «Лукойл» ишканаларына каршы санкция киргизгени белгилүү болду. Санкциялар «Орусиянын Украинадагы конфликтти токтотууга багытталган тынчтык жараянына олуттуу түрдө умтулбай жатканына байланыштуу» деп түшүндүрүлгөн. Ошондой эле «Роснефть» менен «Лукойлдун» туунду ишканалары да санкциялык тизмеге киргизилди. Мындан тышкары, аталган ишканаларга түз же кыйыр түрдө 50% же андан көп үлүш менен таандык болгон бардык ишканалар бөгөттөлдү.

Канатбек Эшатов күйүүчү майды жеткирүүнүн азайышынын дагы бир себеби Орусиядагы ири мунай заводдордун дрон чабуулдарынан кийин оңдоо иштерине жабылышы экенин билдирди. Учурда жергиликтүү ишканаларда күйүүчү майдын кору орто эсеп менен бир айга жетпейт, кээ бирлеринде болгону бир жумага гана жетет. Ошондуктан Кыргызстан жаңы жеткирүү булактарын издеши зарыл.
“Учурда Түркмөнстан, Казакстан жана башка өлкөлөр менен күйүүчү май жеткирүүнүн көлөмүн көбөйтүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Министрлер кабинети жыйын өткөрүп, антикризистик чараларды карап жатат”, — деди Эшатов.
Ошондой эле Эшатов салык боюнча жеңилдиктер ишканаларга бааларды убактылуу кармап турууга жардам берерин, бирок күйүүчү майдын көлөмүн көбөйтпөй тургандыгын кошумчалады. Ошондуктан үчүнчү өлкөлөрдөн жеткирүү маселесин тез арада чечүү зарыл.