Бүгүн, 16-ноябрда, күн ачык болотКудайберген Базарбаев кызматтан алынып, Казакстанга элчи болуп жиберилдиАчыктык жана өнүгүү: Bozymchak Кыргызстандагы тоо-кентармагында ишенимди кантип бекемдөөдө?Кыргызстандын футзал боюнча жаштар курамасы эки өлкөнүн командасы менен беттешетБүгүн Бишкекте жаңы №66 электробус маршруту ачылды — кыймылынын схемасы15-ноябрга карата аба ырайы
Кыргызстан менен Беларусь 2025-2027-жылдарга карата кызматташтык планына кол коюшту
20.03.2025 | 16:05
Кыргызстан менен Беларустун ортосунда 2025-2027-жылдарга карата кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча планга кол коюлду. Бул тууралуу министрлер кабинети билдирди.
Кыргыз-беларусь кызматташтыгын өнүктүрүүгө байланышкан документке Кыргызстандын өкмөт башчысынын орун басары Бакыт Төрөбаев жана Беларустун премьер-министринин орун басары Анатолий Сивак видео-конференц байланыш аркылуу кол коюшту.
Эки тарап соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтыктын бардык багыттарын камтыган бул документ биринчи кезекте соода, өнөр жай кооперациясы, айыл чарба жана транспорттук-логистика тармагындагы пайдаланылбаган потенциалды ачууга мүмкүндүк берерин билдиришти.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат