Кыргызстан менен Кытай 1 млрд долларлык келишимдерге кол койду
Президент Садыр Жапаровдун 17-20-майда Кытайга болгон мамлекеттик сапарынын жыйынтыгында 1 млрд доллардан ашык суммадагы келишимдерге кол коюлду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Кол коюлган документтер:
– China Power International Development Limited компаниясы менен Ысык-Көл облусунда 1000 мегаваттык күн электр станциясын куруу жөнүндө инвестициялык макулдашуу — 800 млн евро;
– Айыл чарба министрлиги менен “Хэбэй Бай Доу Цзя” ЖЧКсынын ортосундагы жер семирткич чыгаруучу заводдун курулуш долбоорун ишке ашыруу боюнча инвестициялык макулдашуу — 260 млн доллар;
– Энергетика министрлиги менен Universal Energy Co. Ltd компаниясынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум — 100 млн доллар;
– Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен Shaanxi Tianhan Shengdian Film Company Ltd. ортосундагы “Жибек жолунун алыскы шамалы” биргелешкен сериалын тартуу долбоору жөнүндө макулдашуу — 38 млн доллар;
– Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен Beijing Zhongyi Boyue Culture Media Co. ортосундагы «Бишкек сүйүүсү» биргелешкен сериалын тартуу долбоору жөнүндө макулдашуу — 25 млн доллар.
Мындан тышкары, төмөнкү келишимдер боюнча каражаттын суммасы такталып жатат:
– Энергетика министрлиги менен ТВЕА компаниясынын ортосундагы Кыргызстандан Кытайга электр энергиясын экспорттоо боюнча кызматташуу ниети жөнүндө макулдашуу;
– Энергетика министрлиги менен China Energy International Group Co Ltd жана China Gezhouba Group International Engineering Co. Ltd компанияларынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
– Ош шаарынын мэриясы менен Hunan Junxin Environmental Protection Co., Ltd. компаниясынын ортосунда таштандыларды өрттөөчү завод куруу долбоору боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
– «ТНК Шумкар» ААКсы менен Xian Yuanchao компаниясынын ортосунда Кыргызстанда SHACMAN сериясындагы оор жүк ташуучу жана атайын багыттагы автоунааларды өндүрүү боюнча чогултуучу завод түзүү боюнча макулдашуу.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз