Аскар Акаевдин лекция окушу боюнча министр Иманалиевдин пикири

Аскар Акаевдин лекция окушу боюнча министр Иманалиевдин пикири

Биз Аскар Акаевдин лекциясына муктаж эмеспиз. Мындай пикирин бүгүн, 22-майда Жогорку Кенештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында депутат Кундуз Сулайманов билдирди.

Жыйында эл өкүлү Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин ректору Мирлан Чыныбаевге кайрылып, мурунку президент Аскар Акаевдин лекциясын уюштуруу боюнча кимден сунуш түшкөнүн сурады.

Өз кезегинде Мирлан Чыныбаев: “Аскар Акаевдин тарапташтары лекция уюштуруп бергиле деп кайрылышкан. Биз ойлонуп көрөбүз деп жооп берип, 100 пайыз кепилдик берген эмеспиз”, —  деди.

Ал эми депутат билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиевге кайрылып, ушул сыяктуу маалыматты убагында бербегени үчүн КМТУ ректоруна чара көрүүнү сунуштады.

Министр Каныбек Иманалиев Аскар Акаевдин лекциясы болжолдуу түрдө үч жерде белгиленгенин, бирок үч жерде тең болбой турганын айтты.

“Илимдер академиясында, Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде жана Кыргыз улуттук университетинде дагы болбойт. Алар биз менен макулдашкан эмес. Бул жерде саясий моралдык маселе болгондуктан, коомчулуктун терс реакциясын эске алып, лекцияны болтурбоо боюнча чечим чыгарышыптыр”, — деди Иманалиев.

Буга чейин Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаев жубайы Майрам Акаева менен бирге Бишкекке келгени, ошондой эле анын айрым университеттерде лекция окушу пландалганы маалымдалган. Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин студенттери Аскар Акаевдин лекция окушуна каршы чыгып, аны болтурбоону талап кылышкан.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>