Кыргызстан менен Орусиянын өкмөт башчылары коронавирустун алдын алууу чараларын талкуулашты

Кыргызстан менен Орусиянын өкмөт башчылары коронавирустун алдын алууу чараларын талкуулашты

Премьер-министр  Мухаммедкалый Абылгазиев Орусиянын өкмөт башчысы  Михаил  Мишустин  менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Сүйлөшүүдө коронавирус инфекциясынын жайылышына байланыштуу маселе, анын таркашына жол бербөө боюнча кабыл алынып жаткан чаралар талкууланды.

Тараптар координациянын жана биргелешип аракеттенүүнүн маанилүүлүгүн белгилешип, ошондой эле зарыл маалыматтарды ыкчам алмашуу жана тиешелүү жардамдарды берүү тууралуу макулдашышты.

Телефон аркылуу сүйлөшүүдө ошондой эле Орусиянын импорттолуучу күйүүчү-май, азык-түлүк  жана товарларды ташуу мурдагыдай тартипте жүзөгө ашырылып жатканы белгиленди.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>