Кыргызстан менен Орусиянын Свердлов облусу билим берүү жана жаштар саясаты жаатында кызматташат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
Кечээ, 29-майда министрликте эки өлкөнүн өкүлдөрүнүн кызматташтыкты кеңейтүү маселелерине арналган жолугушуусу болуп өткөн.
Иш-чара кызматташуунун келечегин, тажрыйбаларды алмашууну, ошондой эле эки тараптуу долбоорлорду ишке киргизүүнү талкуулоо максытанда уюштурулган.
Жолугушууда тараптар билим берүү системаларын өнүктүрүү, тарбия ишин уюштуруу маселелерин карап чыгышкан. Ошондой эле жаштарды колдоого жана гуманитардык байланыштарды чыңдоого багытталган биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу туурасында пикир алышышкан.