Кыргызстан менен Түштүк Кореянын окумуштуулары кыргыз жылкысынын ДНКсын изилдешет

Кыргызстан менен Түштүк Кореянын окумуштуулары кыргыз жылкысынын ДНКсын изилдешет

Кыргызстан менен Түштүк Кореянын илим изилдөө институтунун окумуштуулары кыргыз жылкысынын ДНКсын изилдешет. Бул тууралуу Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Түштүк Корея менен Кыргыз мал чарба жана жайыт илим изилдөө институтунун окумуштууларынын ортосунда илимий  изилдөөлөр жана басылмалар, илимий кызматкерлер арасында маалымат алмашуу жаатында Меморандум түзүлдү.

Меморандумдун максаты кыргыз жылкысынын ДНКсын изилдеп, генетикалык банк түзүү жана кыргыз жылкысынын жөндөмдүүлүгү тууралуу маалыматты элге жайылтуу болуп саналат.

Ушул меморандумдун алкагында институттун жылкы бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Нарын облустунун Ат-Башы районуна караштуу Кызыл-Туу айылынын фермери  Ж.Осмоновдун жеке менчигиндеги жылкыларына изилдөө жүргүзүлүп, тышкы келбетине баа берилип, өлчөмдөрү ченелди.

Жакынкы аралыкта Түштүк Кореянын окумуштуулары менен биргеликте Кыргызстандын аймактарын кыдырып, кыргыз жылкысынын кунардуулугун  жана биологиялык өзгөчөлүктөрүн изилдеп, эл арасында түшүндүрүү иштерин жүгүзүп келүү күтүлүүдө.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>