Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда сүйлөшүүлөр болгон жок

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда сүйлөшүүлөр болгон жок

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникациялар башкармалыгы 2022-жылдын 27-январы саат 23.50дө Кыргызстан менен Тажикстандын аскер кызматкерлеринин ок атышуусу 10 минутага токтогондугун маалымдайт.

Ок атышуу токтогон убакта  Президенттин Баткен облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү А.Алимбаев менен Тажикстандын Согдий облусунун губернатору жана эки тараптын чек ара өкүлдөрүнүн катышуусунда жолугушуу болуусу пландаштырылган.

«Бирок ошого карабай тажик тарап эки тараптын ок атууну токтотуу макулдашууларына карабай кыргыз аскер кызматкери жайгашкан жакка ок атууну токтопой жатышат. 

2022-жылдын 28-январы саат 00.20га карата эки тараптын аскер кызматкерлеринин ок атышуусу Көчө-Бою жана Дахма жерлигинде болуп жатат», — деп маалымдады Чек ара кызматынын коомчулук менен байланыш бөлүмү..

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>