Талас мамлекеттик университетинин жаңы имараты курулуудаСадыр Жапаров менен UIM президенти Ысык-Көлдө F1H2O дүйнө кубогун өткөрүү мүмкүнчүлүгүн талкуулаштыОш шаарындагы Курманжан Датка көчөсүнө акация көчөттөрү отургузулдуШайырбек Ташиев депутаттык мандатын тапшырдыТИМ: Жакынкы Чыгыштагы кыргызстандыктарды эвакуациялоонун кезектеги этабы башталдыСот аткаруучулар кызматынын жетекчисинин орун басары Кубанычбек Капаловдун cөөгү табылды
«Кыргызстан» санаторийинин кызматкерлери үч жылдан бери айлыгын ала аблай келет
16.02.2024 | 18:07
Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айылында жайгашкан “Кыргызстан” ден соолукту чыңдоо борборунун кызматкерлерине үч жылдан бери маяна бериле элек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Сеид Атамбаев билдирди.
Анын айтымында, санаторийдин кызматкерлери ага директор Шамил Экеевдин үстүнөн арызданышкан.
Парламентарий кызматкерлерге болгон карыздын жалпы суммасы 8 миллион 800 миң сомду түзөрүн маалымдады. Жалпысынан санаторийде 30 адам иштейт.
Сейид Атамбаев Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги өкүлү Алмасбек Абытовдон бул маселени жеке көзөмөлүнө алып, санаторий кызматкерлеринин маселесин чечип берүүнү суранды.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом