“Кыргызстан сулуусу — 2024” сынагынын жеңүүчүсү болуп үч кыз аныкталды.
24 жаштагы Айпери Нурбекова — “Жер сулуусу”, 16 жаштагы Ариет Санжарова — «Дүйнө сулуусу», 18 жаштагы Мери Кувакова — “Аалам сулуусу” наамын алды.
«Дүйнө сулуусуна» катышууга жолдомо Ариет Санжаровага ыйгарылды.
Бул жылкы сынактын байгелери жөнөкөй болду. Белгилей кетсек, президенттин карындашы, «Кыргызстандын сулуусу — 2024» Лазат Нуркожоевага 2020-жылы унаа белекке берилген.