Бишкекте жол талашкан автобустар сүзүшүп, узун тыгын жаратышканОш мэринин биринчи орун басары дайындалдыПрезидент ИИМ менен УКМКнын жетекчилерине жогорку аскердик наамдарды ыйгарды7-класстар үчүн «Табигый илимдер» окуу китеби басылып чыктыӨзгөчө кырдаалдар министрлигине 116 даана жаңы атайын техника тапшырылдыБаткен облусунун Мурас айылынын үч миңден ашык тургуну таза ичүүчү суу менен камсыз кылынат
Кыргызстан Түркияга 20 тонна малдын терисин сатты
11.04.2024 | 11:15
Кыргызстан, Америка, Түркия, Канадага малдын терисин экспортоодо. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирет.
Маалыматка караганда, Новопавловка айылындагы “Бархан дог чьюс” заводунда кара малдын (жылкы, уйдун) жана майда малдардын (эчки, кой) терисин чет өлкөгө сатууда.
Аталган завод 2018-жылы түзүлүп, 2021-жылы ишке берилген. Бүгүнкү күндө өндүрүлгөн продукциясын Америка, Канада, Түркияга экспорттоп келет. Алсак, 2021-жылы Америкага 35 тонна, Канадага 15 тонна, 2022-жылы Америкага 60 тонна, 2023-жылы Америкага 50 тонна, 2024-жылдын биринчи кварталында Түркияга 20 тонна экспорт кылган.
Чүй облусунун аймагында терини кайра иштетүүчү дагы бир завод ишке кирип жатат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика