Бишкекте дайынсыз болуп жаткан 14 жаштагы Ислам изделүүдө

Бишкекте дайынсыз болуп жаткан 14 жаштагы Ислам изделүүдө

Бишкекте дайынсыз болуп жаткан Ислам Мамырканов изделүүдө. Бул тууралуу Свердлов райондук милициясынан билдиришти.

Маалым болгондой, баланын апасы 9-апрелде милицияга арыз жазып, уулун табууга жардам сураган. Ал билдиргендей, уулу 8-апрелде болжол менен саат 13:00до Бишкектин Аламедин-1 кичи районундагы үйүнөн чыккан бойдон кайра келген эмес. Ал 2014-жылы туулган.

Белгилери: бою 150-160 см, арык чырай, көзү күрөң, чача кара, кыска

Кийген кийими: ак түстөгү көйнөк, кара түстөгү жинсы, спорттук бут кийим, кочкул көк өңдөгү капюшону бар кийим (көкүрөк тарабында USPA деген жазуу бар)

Милиция дайынсыз болуп жаткан Ислам Мамыркановду көргөндөр же кандайдыр бир маалыматы бар жарандар болсо, 0 (704) 103 102, 0 (557) 119 410, 0 (702) 967 080, 0 (312) 432 815  же 102 номерлеринин бирине кабар берүүсүн суранат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>