Төрага Шакиев балдарга кыргызча аттарды коюуга чакырды (видео)

Төрага Шакиев балдарга кыргызча аттарды коюуга чакырды (видео)

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурлан Шакиев жарандарды балдарына кыргызча аттарды коюуга чакырды.

Нурлан Шакиевдин айтымында, кыргыздарда Бакыт, Таалай, Улукбек, Балбак, Чолпон деген сыяктуу жакшы аттар бар.

«Кыргыздын ушундай сонун аттарын эмне үчүн арабдаштырып, орусчалап же башка тилде коюшубуз керек?! Бул чоң маани бере турган нерсе. Биз нукура кыргызча аттарды койбосо, тилибиз жоголуп бара жатканы аз келгенсип, кыргыздан аты жоголуп кетет», — деди.

Ошондой эле Шакиев кичинекей балдар телефондон орус тилинде (Кыргызстандагы расмий тил – ред.) жана чет тилдерде мультфильм, видео көрүп жаткандыктан тили кыргызча чыкпай жатканын айтып, өкмөткө балдар көргөн контентти кыргызчалоо тапшырмасын берди. Аны менен бирге ал балдар көргөн кыргыз тилинде болбогон мультфильмдерди, видеолорду бөгөттөө керектигин билдирди.

Шакиев билдиргендей, эгер азыр коргоп калбаса, кыргыз тили 5-10-жылда жоголуу коркунучуна туш болот.

Салиха, Мухаммад. Кыргызстанда 2023-жылы популярдуу болгон ысымдар

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>