Бишкекте жол талашкан автобустар сүзүшүп, узун тыгын жаратышканОш мэринин биринчи орун басары дайындалдыПрезидент ИИМ менен УКМКнын жетекчилерине жогорку аскердик наамдарды ыйгарды7-класстар үчүн «Табигый илимдер» окуу китеби басылып чыктыӨзгөчө кырдаалдар министрлигине 116 даана жаңы атайын техника тапшырылдыБаткен облусунун Мурас айылынын үч миңден ашык тургуну таза ичүүчү суу менен камсыз кылынат
Кыргызстанда 100 млн доллар насыяга 3 миң батир салынат
29.07.2023 | 15:51
Кыргызстан 100 млн доллар насыя алып, ипотекага берүү үчүн жалпы 3 миң батир турак үйлөрдү курат.
Каражат Сауд өнүктүрүү фондунан алынууда. Насыялык келишимди ратификациялоо тууралуу мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду.
Маалым болгондой, 100 млн доллар “Менин үйүм 2021–2026” программасын ишке ашыруу үчүн жумшалат. Аталган 3 миң батир 40-85 чарчы метр болуп салынат. Алар жарандарга ижарага берилет. Жарандар ай сайын ижара акысын жана батирди сатып алууга акча төлөп, кийинчерээк батирди өз ээлигине ала алат.
Фонддон алынып жаткан карыз жарандардан түшкөн каражаттын эсебинен кайтарылат.
Долбоор Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан ишке ашырылат.
Кыргызстан ипотекалык турак жай курууга 100 млн $ насыя алат
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом