Бишкекте УКМКнын кызматкери киши колдуу болду

Бишкекте УКМКнын кызматкери киши колдуу болду

Бишкектин Жал кичи районунда 40 жаштагы аял киши колдуу болду. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 28-июлда болжол менен саат 21:40та «102» кызматына Жал кичи районунда тез жардам келгенге чейин аял киши каза болгону тууралуу маалымат түшкөн.

Окуя жерине ыкчам-тергөө тобу барган. Каза болгон аял 40 жаштагы Ш.М. экени аныкталган. Кароо учурунда анын денесинен ур-соккунун издери табылган.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Учурда шектүү катары 32 жаштагы Р.Э. аттуу жаран кармалып, тергөө амалдары жүрүүдө.

Иликтөө иштери уланууда.

Жергиликтүү басылмалар жазгандай, маркум аял УКМКнын кызматкери болгон. Ошондой эле, алдын ала маалымат боюнча, шектүү катары кармалган адам ИИМдин кызматкери экени айтылган. Бирок Ленин райондук милициясы аталган маалыматты төгүндөп, шектүү ИИМ кызматкери эмес экенин билдирди.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>