Мал базарга кой сатканы кеткен. Ошто 43 жаштагы жаран изделүүдө

Мал базарга кой сатканы кеткен. Ошто 43 жаштагы жаран изделүүдө

Оштун Кара-Суу районунда дайынсыз жоголгон 43 жаштагы Элдарбек Жолдошов изделүүдө. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, милицияга дайынсыз жоголгон жарандын карындашы кайрылган. Ал билдиргендей, Элдарбек Жолдошов 23-июлда болжол менен саат 05:00до Учкун айылындагы мал базарга 17 баш койду сатканы чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда.

Аталган факт катоого алынып, текшерүү иштери башталган.

Элдарбек Жолдошовдун үстүндө кийген кийидери: кара түстөгү спорттук шым, күрөң футболка, башында кара кепка, бутунда кара түстөгү кончтуу бут кийим (берцы).

Өзгөчө белгилери: бою 170-172 см, кашы-көзү кара, чачы 2-3 см, кара түстө, көз айнек тагынып жүрөт.

Милиция Элдарбек Жолдошовдун жүргөн жери боюнча кандайдыр бир маалыматы бар жарандарды 0553 541 010, 0557 540 030, 0502 422 175 номерлерине кабар берүүсүн суранат.

Кийинчерээк милиция Элдарбек Жолдошов табылганын билдирди.

Ошто мал базарга кой сатканы кетип, дайынсыз жоголгон жаран табылды

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Милиция Ош

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>