Кыргызстанда 2-февралдан тарта таксисттердин лицензиясы текшериле баштайт

28.01.2026 | 16:14

Кыргызстандын бийлиги такси кызматын көрсөтүү үчүн лицензия алуу мөөнөтү 1-февралдан ары узартылбай турганын билдирди. Ал эми 2-февралдан тарта лицензиясы жок айдоочуларды аныктоо боюнча рейддер башталат.

Кызматкерлер айдоочулар менен таксопарктардын лицензиясынын бар-жогун текшерип, мыйзам бузгандарды жоопкерчиликке тартат. Лицензиясы жок такси кызматын көрсөткөн айдоочуга 7 500 миң сом, ал эми юридикалык жактарга 23 миң сом айып пул салынат

Учурда республика боюнча 7 миңден ашык жеке таксист жана 300дөн ашык таксопарк лицензия алган.

Такси кызматын көрсөткөн айдоочуларды милдеттүү түрдө лицензиялоо чарасы 2025-жылдын 22-августтан тарта күчүнө кирген.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы буга чейин рулу оң тарабында жайгашкан автоунааларга такси кызматын көрсөтүү үчүн лицензия берилбей тургандыгын билдирген. Ошондой эле анча оор эмес жана оор кылмыштар менен соттолгондор лицензия ала албайт.

Scroll to Top