2025-жылы Кыргызстанда орточо айлык акы 29 331,4 сомду түзөт. Мындай божомол өлкөнүн 2023-жылга жана 2024-2025-жылдарга бюджетинин долбоорунда жазылган.
Орточо айлык маяна 2023-жылга салыштырмалуу 1,6 пайызга өсөт. Келерки жылы Каржы министрлиги аны 24,9 миң сом деңгээлинде күтүүдө.
Жашоо минимумунун өлчөмү 1000 сомго, 2023-жылдагы 7838,5 сомдон 2025-жылы 8848,6 сомго чейин жогорулайт.
2022-жылдын үчүнчү кварталынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда орточо айлык акы 24 миң 594 сомду, жашоо минимуму 7 миң 242,09 сомду түздү.
Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз