Аял талашуудан Калининградда кыргызстандык жаран каза болду

Аял талашуудан Калининградда кыргызстандык жаран каза болду

Россиянын Калининград шаарында 47 жаштагы Кыргызстандын жараны бычактан алган жаракатынан улам каза болду. Бул тууралуу «Klops» басылмасы облустун өзгөчө кырдаалдар кызматына шилтеме берүү менен жазды.

Андагы маалыматка караганда, 23-октябрь күнү саат 04:00дөр чамасында бир адам батиринде досу кансырап жатканын, ал отургучтан кулап кетип бычакка сайылып калганын айткан.

Окуя болгон жерге келген дарыгерлер жабырлануучуну сактап калууга үлгүрүшкөн эмес. Алардан кийин батирге милиция менен тергөө комитети келишкен.

Адам өлтүрүү фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Тергөөнүн маалыматы боюнча, 54 жаштагы үй ээси досун конокко чакырган. Эркектер айымдар менен чогуу ичишкен. Бири досунун аялын алып кетти деген негиз менен жаңжал чыгарып, жергиликтүү жаран кыргызстандыктын көкүрөгүнө бычак сайган.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>