Ошто Ак-Буура дарыясынын жээгиндеги дубалдардагы жазуулар өчүрүлүүдөКыргызстандын курама командасы Түркиядагы каратэ боюнча дүйнө чемпионатында 9 алтын медаль жеңип алдыҮрөнчүлүк жана питомник чарбалары үчүн жеңилдетилген насыя берүү башталдыКыргызстанда 2010-жылдагы апрель окуяларында курман болгондорду эскериштиАзия чемпионаты: грек-рим күрөшү боюнча үч кыргызстандык балбан финалга чыктыКыргызстандын гуманитардык жардамы Иранга жетти
Кыргызстанда 243 миңден ашык адам кредит алууга өзүнө тыюу салды — Улуттук банк
07.04.2026 | 09:43
Кыргызстанда 2025-жылдын 1-ноябрынан 2026-жылдын 6-апрелине чейинки аралыкта 243 642 адам мобилдик тиркеме аркылуу кредит алууга өзүнө тыюу салуу кызматын кошкон. Бул тууралуу республиканын Улуттук банкы билдирет.
Өзүнө тыюу салуу – жарандын наамына кредит жол-жоболоштурууга чектөө коюуну карайт. Эгерде тыюу коюлган болсо, банктар жана микрокаржы уюмдары кредит берүүгө укуксуз.
Өзүнө тыюу салуу күчүндө болуп турган маалда кредит жол-жоболоштурулган болсо, ал келишим жараксыз деп табылат. Бул үчүн каржы уюму жоопкерчилик тартат.
Эскерте кетсек, бул механизм 2025-жылдын 30-июлунда кол коюлган мыйзамдын алкагында киргизилген.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом