Кыргызстанда 5,5 миңден ашык бош жумуш орду бар. Кайсы кесиптерге жумушчулар керек?

Кыргызстандын эмгек рыногунда жумушчу кесиптерге болгон суроо-талап жогору бойдон калууда. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматы боюнча, учурда өлкөдө 5 миң 547 бош вакансия бар.
Бүгүнкү күндө өлкө боюнча расмий жумушсуздуктун деңгээли 1,3%ды түзөт. Иш менен камсыз кылуу кызматтарында жалпысынан 56,5 миң адам каттоодо турса, анын 38,1 миңине расмий жумушсуз деген статус берилген. Белгилей кетсек, 2025-жыл ичинде мамлекеттик кызматтардын көмөгү менен 17,5 миңге жакын жаран ишке орношкон.
Кимдерге суроо-талап жогору?
Бош орундардын басымдуу бөлүгү, тактап айтканда 4 251 орун жумушчу кесиптерге таандык. Өлкөдө төмөнкү адистерге муктаждык чоң:
- Тигүүчүлөр – 1 850 орун;
- Айдоочулар – 1 000 орун;
- Ашпозчулар – 420 орун;
- Соода агенттери – 400 орун;
- Курулуш тармагынын кызматкерлери – 373 орун.
Ошондой эле тейлөө жана IT тармагында да адистер жетишсиз. Билим берүү тармагына (350 тарбиячы жана мугалим) жана медицина тармагына (320 кызматкер) суроо-талап жогору. Мындан тышкары бухгалтер, кассир жана администраторлорго вакансиялар бар.
Кайсы тармакта айлык көп?
Улуттук статистика комитетинин маалыматына таянсак, өлкөдөгү орточо айлык маяна тармактарга жараша кескин айырмаланат. Эң жогорку айлыктар финансы жана өнөр жай секторунда байкалат:
- Финансы тармагы: 67 121 сом;
- Өнөр жай: 66 990 сом;
- Транспорт: 58 657 сом;
- Курулуш: 57 472 сом;
- Соода: 47 125 сом.
Тилекке каршы, социалдык маанилүү тармактарда айлык акы төмөн бойдон калууда:
- Саламаттыкты сактоо жана социалдык тейлөө : 28 082 сом;
- Билим берүү: 27 054 сом;
- Маданият: 24 861 сом.
Жумушка орношуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу кененирээк маалыматты аймактык иш менен камсыз кылуу кызматтарынан алууга болот.
2025-жылы Кыргызстандын эмгек рыногу кандай өзгөргөнүн жана кайсы кесиптер боюнча ваканциялар өсүп жатканы тууралуу Reporter.kgнин макаласынан окуңуз.