Кыргызстанда 5 жылдык стажы болбогондор пенсияга чыга албай калабы?

Кыргызстанда 5 жылдык стажы болбогондор пенсияга чыга албай калабы?

Кыргызстанда 1-июлдан кийин пенсияга чыгуу үчүн талап кылынган стаж 5 жыл болот. Бул тууралуу Социалдык фонддун коомчулук менен иштөө башкармалыгынын жетекчиси Жеңишбек Мукамбетов «Биринчи радионун» эфиринде билдирди.

Муканбетов белгилегендей, азыркы мыйзам боюнча эркектер пенсияга чыгыш үчүн жашы 63тө, стажы 25 жыл болуш керек. Аялдардыкы стажы 20 жыл, жашы 58 болушу кажет. Эми 1-июлдан кийин ал стаж 5 жыл болот. Жаш курак өзгөртүүсүз калат.

Ошондой эле ал билдиргендей, 1-июлдан тарта толук эмес стаж менен пенсияга чыгуу нормасы жокко чыгарылат. Мурда стажы аздарга пенсияга чыгууга жол берилип, бирок алар мамлекет тарабынан берилген пенсиянын базалык бөлүгүн (3170 сом) жарым-жартылай алчу. Эми 5 жылдык стаж менен пенсияга чыккандар базалык бөлүктү толугу менен алып калат.

5 жылдык стаж тууралуу норма 2025-жылдын 31-декабрына чейин иштейт.

Анткен менен жаңы өзгөртүүлөргө ылайык, 5 жылдык стажы болбогондор пенсияга чыга албай калышы мүмкүн. Бул маалыматты Reporter.kg’ге Социалдык фонддон ырасташты. Ошол эле учурда Соцфонд жарандын аскерде кызмат өтөгөн, декретте болгон учуру (ж.б.) стаж катары эсептелгендиктен, пенсияга чыгууда дээрлик бардык жарандарда жетиштүү стаж болот деген пикирде. Эгер 5 жылдык стажы болбой калса, жаш курагы боюнча жөлөкпул ала алат же төлөм төлөп стажын толуктап, пенсияга чыга алат.

Белгилей кетсек, буга чейин Соцфонд 5 жылдык минималдык стаж деген норма киргизүүнү пландап жатканы, бара-бара 5 жылдан көтөрүлөрү кабарланган.

Жарандар 1-июлдан кийин мөөнөтүнөн мурда пенсияга чыга албай калат

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>