Кыргызстанда 9-май Жеңиш күнүнө карата аскердик парад уюштурулбайт. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, Жеңиш күнү «Ала-Тоо» аянтында митинг-реквием жана «Өлбөс полк» жүрүшү уюштурулат.
Иш-чарага согуштун ардагерлери жана тыл эмгекчилери, ардагерлер уюмдарынын, чет мамлекеттердин аскердик дипломатиялык корпусунун өкүлдөрү, ошондой эле борбор калаанын тургундары жана коноктору катышат.
Быйыл коңшу Казакстанда Жеңиш күнүндө парад уюштурулбайт.