Алты пайыздык насыяны алууга 20 миң дыйкан кезекте турат

Алты пайыздык насыяны алууга 20 миң дыйкан кезекте турат

Айыл Банкта 17 миң, РСК банкта 3300 дыйкан электрондук кезекте насыя ала албай турат. Кызматкерлердин санын эмне себептен көбөй жатасыңар деп Жогорку Кеңештин депутаты Нурбек Алимов Айыл Банк менен РСК банктын жетекчилерин сынга алды.

“Айыл Банкта 17 миң, РСК банкта 3300 дыйкан электрондук кезекте насыя ала албай турат. Өткөндө комитетте да биз айтканбыз, штаттарыңарды көбөйткүлө, көбүрөөк иштесин деп, бир айга шаарда иштеген кызматкерлерди айылдарга, аймактардагы банктарга иштеткиле дедик. Жыйынтыкты ушундан билсек болот, 20 миңден ашык дыйкан насыя ала албай кезекте турат. Бир дыйкан насыя алайын деп барса 127-кезекке туруптур. Ошондо күнүнө 20 кишиге насыя берип жатсаңар, бул дыйкан быйыл үлгүрбөйт деген сөз. Ошол себептен бул маселени тез арада чечкиле, эмне кыласыңар кызматкерлерди көбөйтөсүңөрбү?”- деп суроо салды эл өкүлү.

Айыл Банк менен РСК Банкынын төрага орун басарлары “бул маселени карап көрөлү”- деди.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>