Кыргызстан ТМУдагы өнөктөштөрүнө бирдиктүү фармацевтикалык платформа түзүүнү сунуштадыПрезиденттин Иш башкармалыгы «Кыргыз почтасынын» негизги акционери болдуФАО Азиядагы күрүч түшүмүнө Эль-Ниньонун таасири тууралуу эскерттиКыргызстанда 133 миң педагог эмгектенет — Мугалимдер күнүнө карата маалыматКыргызстан 14 медаль менен Азиада-2026ны 26-орунда жыйынтыктадыФАО: дүйнөдө дан эгиндерин өндүрүү 2026-жылы 2,1%га азаят
Кыргызстанда 9-май Жеңиш күнүнө карата аскердик парад өтпөйт
14.04.2022 | 15:15
Кыргызстанда 9-май Жеңиш күнүнө карата аскердик парад уюштурулбайт. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, Жеңиш күнү “Ала-Тоо” аянтында митинг-реквием жана “Өлбөс полк” жүрүшү уюштурулат.
Иш-чарага согуштун ардагерлери жана тыл эмгекчилери, ардагерлер уюмдарынын, чет мамлекеттердин аскердик дипломатиялык корпусунун өкүлдөрү, ошондой эле борбор калаанын тургундары жана коноктору катышат.
Быйыл коңшу Казакстанда Жеңиш күнүндө парад уюштурулбайт.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат